Учурда парламенттин тармактык комитеттеринде Өкмөттүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчету угулуп жатат. Бирок, министрлер менен алардын орун басарларынын даярдыксыз келгенинен улам, айрым комитеттер ал маселени күн тартибинен алып салышууда. Депутаттар тарабынан алардын дарегине көптөгөн сын пикирлер айтылып жатат. Өкмөт чара көрүп, аларды тартипке чакырышы керек.

 

Бул тууралуу Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Эгерде министрлер менен алардын орун басарлары отчетко келише турган болсо, анда жеткилеӊ даярданып келишсин. Анткени, айрым өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна тыӊгылыктуу жооп бере алышпайт. Премьер-министрге айта баргыла, ошондой жетекчилерге карата тийиштүү чараларды көрсүн», - деп кошумчалады спикер.