Өкмөт мектептерди куруу жаатындагы көйгөйлөрдөн дагы эле арыла албай келет. Бирок ошол эле убакта ар кайсы аймактарга мектеп курулуп жатканы тууралуу маалыматтар үстөккө-босток таратылат. Бул тууралуу депутат Айнура
Айтымында Сокулук районундагы Каракеев атындагы мектептин жаӊы имаратынын курулушу 60-70 пайызга бүтүп калган, азыр эмнегедир токтоп калды.
"Ушу кантип болсун? Өкмөт улам бир мектептин курулушун баштап коюп, баштагысын таштап коюп, жалаӊ пиар менен алектенип калды. Мындай жосунду токтотуш керек. Азыр алардын аягына чейин чыгарылар-чыгарылбасына ишеним болбой калды. Андан көрө курулушу мурда башталган мектептердин имаратын адегенде аягына чейин бүтүрүп, анжан кийин жаӊысын баштабайсыӊарбы. Ошондо биз балдарды окутууга даяр мектептарга ээ болот элек», - деди депутат.