Ысык-Көлдүн Түп районундагы Каркыра айылындагы мектеп жашындагы балдар айылдык мончодо окушат. Айылда мектепке ылайыктуу башка имараттар болбогондуктан эски мончону мектепке айлантууга аргасыз болушкан. Бул тууралуу депутат Аида Касымалиева парламент жыйынында билдирди.
Айтымында мончо 1978-жылы курулган, анын да эскилиги жетип араң турат. Бирок ага карабай бир тарабы мектепке айланса экинчи тарабы айылдык фельдшердин кабинети.
Депутат белгилегендей Каркырадагы окуучуларга жакынкы айылдардын мектептерине барып билим алуу ыңгайсыздык жаратат. Себеби эң жакын делген айылдардын да аралыгы алыс. Ошондуктан аргасыз мончодо билим алып жатышат.