Кыргыз эли «Манасы» жана Айтматову менен чындап сыймыктанат. Ал эми ошондой дүйнөлүк баалуулуктарды алып жүргөн манасчыларга мамлекеттик деңгээлде камкордук көрүлбөйт. Алар майрам күндөрү гана эстелет. 

Мындай пикирин депутат Улугбек Ормонов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

 

"Анчалык деле көп манасчыбыз жок, алардын ар бирин ардактап күтүүгө тийишпиз. Азыркы учурда эки гана манасчы маяна алат экен. Карагылачы, коӊшу Кытайда манасчыларга кандай кам көрүлүп жатканын. Оозго алынган манасчылардын баары атайын эмгек акы алышат экен", - деди депутат. 

 

Ошондой эле ал  «Манас» жана Айтматов академиясын ачып берген президент Жээнбековго ыраазычылык билдирди. Бирок академияда иштегендердин арасында манасчылар жоктугуна капаланды.

 

"Анда кимдер иштеши керек? Албетте, алардын арасында манасчылар да болушу керек. Ошондуктан, Жогорку Кеӊештин тармактык комитети бул маселени карап чыгып, академиянын штаттык бирдигин тактап чыгуу менен, манасчыларды анын карамагына алып, аларга эмгек акы төлөп берүү маселесин тезинен чечип бериши зарыл. Ансыз "Манас" эпосун эстутумда алып жүргөн маначылар мектебин өнүктүрө албайбыз», - деди депутат.