Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов кызык коргоп чыкты. Эске салсак кызы Назик Матраимова соцтрамактагы баракчасына укмуштуудай пост жазган. Анда ал атасынын кантип акча тапканына башкалар кийлигишпеш керектигин, алардын жашоосуна кийлигишкиче батиринин акысын төлөп алуусуна кеңеш берген. Ошондой эле Кыргызстанда иштеген адам 25 миң евро табаарын да айткан.
Искендер Матраимов кызы учурда депрессияда экенин айтты. "Баарыбызда бала бар, эмнеге баланы саясатка аралаштырабыз? Кызым абдан капа болду, анын постун өзү эмес фейк жазган", - деди ал.