Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектеп жабылды. Окуучуар 3-октябрдан тартып жергиликтүү клубдун имаратында билим ала башташат. Клубдун имаратын класстарга бөлүп, кышкы мезгилге даярдап жылуулап коюшкан.
Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгам укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.
Маалыматка караганда клуб былтыр курулган. Айыл жаңы мектептүү болгуча окуучулар ошол жерде билим ала турушат.
Белгилей кетсек Кеңеш айылында 160 мектеп окуучусу бар.