Узундугу 92 чакырымды түзгөн  Арал-Суусамыр (узундугу 92 км) автожолун реабилитациялоо долбоору жана сметалык документтердин долбоорун иштеп чыгуу үчүн инвестиция тартуу маселесин парламенттик комитет  карады.

 

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Бактыбек Бердалиев Суусамыр  менен Арал айылдарынын ортосундагы жолдун узундугу 79,6 километрди, ал эми Бишкек-Ош трассасына чейин 92 километрди түзөөрүн билдирди.

 

Анын айтымында, азыркы тапта Транспорт министрлиги долбоорлук документтерди даярдап жатат. Ага ылайык, аталган жол Бишкек-Ош жолу менен Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун ортосунда туташтырма далис катары кызмат кылат.

 

«Азыр биз Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун бүткөнгө чейин «Арал - Суусамыр» маршруту боюнча курулуш иштерин баштоо тууралуу донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз»,- дейт Б.Бердалиев.

 

Өз кезегинде бул маселени кароону демилгелеп чыккан депутат Тынчтыкбек Конушбаев бул маселе боюнча КР Өкмөтүнүн көз карашына нааразычылыгын билдирди.

 

«Парламентке келгениме 4 жылдын жүзү болду. Бул мезгил аралыгында аталган көйгөйдү бир нече ирет көтөрүп чыктым. Бул аралыкта бир топ министрлер алмашып кетти. Алардын баары бул долбоор жакын арада ишке ашырыларын, анын техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) иштелип чыккандыгын, болгону инвестор издөө маселеси калгандыгын билдиришкен эле. Эми болсо силер долбоорлук документтерди гана иштеп чыкканыӊарды айтып жатасыӊар. Кимге ишенебиз деги? Мындай мамилеӊер менен силер жолдорду эч канчан куруп бүтө албайсыӊар»,- дейт депутат Т.Конушбаев.

 

Ал Транспорт министрлигин аталган долбоорду ишке ашырууну ыкчамдатууга чакырды.