Алардын маалыматы боюнча, 2015-2018-жылдары соттун өкүлчүлүк Борборунда бюджетте каралган чыгымдар 4 млн. сомдон ашык сарпталган (бюджетте каралган 1,6 млн. сомдун ордуна 6 млн. сомду сарпташкан). Акча каражаттары кызмат көрсөтүү үчүн келишим түзбөстөн жана тендер өткөрбөстөн сарпталган. Ушуну менен бирге Каржы министрлиги бул максатка бюджетте каралбаган акчаларды бөлүп берген.

 

Бул факт боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. 26-сентябрда, бейшемби күнү, каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

 

Бактыгүл Жээнбаева каржы министри кызматына 2018-жылы декабрь айында дайындалган, буга чейин ал жеке компаниянын Директорлор кеңешин жетектеп жана немец мамлекеттик өнүктүрүү банкына консультация берип келген.

 

Соттун өкүлчүлүк Борбору Кыргызстандын кызыкчылыгын арбитраждык, эл аралык, третейлик жана башка соттордо коргойт. Б.Жээнбаева балким, ал кезде министр эместигинен улам жоопкерчиликтен кутулуп кетер. Бирок ошол учурда ким министр болгон эле жана ал азыр кайда?

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити