Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарында «Кумтөр» алтын кенине барып, «Кумтор Голд Компани» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышат.
Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапарынын алкагында жергиликтүү эл менен жолугушуп, аймактагы маселелерди талкуулайт.