Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду абакта калтыруу чечимин Биринчи май райондук соту кабыл алды. 

 

Ага ылайык мурдагы жетекчи СИЗО-1де 9-декабрга чейин кармалат. 

 

Эске салсак Ниязов "Массалык башаламандыкты уюштуруу", "Киши өлтүрүү", "Барымтага алуу" беренелери боюнча айыпталып жатат. 

 

Ошондой эле  Алга  Кылычов, Кыяз Смаилов, Амантур Жамгырчиев, Марат Шаменов жана башка Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынгандар да абакта калтырылды.