"Ынтымак" паркындагы автокинотеатр жабылып чоң экран алынып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда ал жер Т. А. аттуу жаранга автоунаа токтотуучу жай катары гана ижараг берилген. Мэрия сотко шаардыктардын ден соолук паркын кайтаруу маселеси боюнча кайрылды. Ал жерге шаардыктардын активдүү жашоосу жана ден соолугуна өбөлгө болуучу элементтерди орнотууну пландоодо. Скейтпарк, воркаут жана веложол жасалат.
Эске салсак аталган паркта эротикалык эпизоддору бар "Кумар" тасмасы көрсөтүлгөнү интернетке жарыяланган.