Атамбаевдин кайтаруучуларынын мурдагы башчысы Канат Сагымбаевди бошотууну талап кылган митинг өттү. Анын кичи мекендештери - Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылынын тургундары митингге чыгышты.
Митингчилер президент Жээнбековго кайрылышып, Сагымбаевдин ишин иликтөөдө акыйкаттыкты камсыз кылууну суранышты. Алардын айтымында мурдагы башчы мектепте үлгүлүү окуучу болгон жана мекенинин патриоту. Аялы оорукчан, жакында эле операция болду. Ал эми төрт баласы кичинекей.
Алар Сагымбаевди үй камагына чыгарууну талап кылышты.
Эске салсак Канат Сагымбаев Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаган видеосу интернетке жарыялангандан кийин кызматтан алынган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин козголгон кылмыш ишинин негизинде камалган.