Ингушетиянын мурдагы президенти Руслан Аушев Кыргызстанга генерал Абдыгул Чотбаевдин уулунун үйлөнүү тоюуна келди. Чотбаевдин айтымында Аушев бир убактарда анын өмүрүн сактап калган. Уулунун атын да Аушевдин атынан койгон. Уулу төрөлгөндө эле ал бой тартып үйлөнгөндө Аушевди тоюуна чакырам деп тилек кылган.