Мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу боюнча токтомго премьер-министр Абылгазиев кол койду.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда жалпысынан 74 миң мугалим эмгектенет. Аларга орто мектептердин, интернаттардын мугалимдери жана бала бакчалардын тарбиячылары кирет. Октябрь айынан тартып 120 миңден ашык мектеп мугалимдеринин, бала бакча жана интернат мугалимдеринин маянасы жогорулатылды. Эми буга дейре 12 миң сом айлык алган мугалимдер бул айдан баштап 17 миң сомдон ашык акча алышат. Ал эми бала бакчалардын тарбиячыларынын маянасы 17 миңге жетет.
Мугалимдердин маянасын жогорулатууга кошумча 1, 742 миллиард сом керектелет.