Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында эки бала казылган аңга кулап каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда милицияга кабар 28-сентябрда келген. Айтылган дарекке барган тергөө-ыкчам тобу 7 жана 13 жаштагы балдардын сөөгүн тапкан. Факт кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алынды.