Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов дрон менен видеокамеранын тартылып алынганына "Азаттыктын" өзүн айыптады. 

 

"Алар Кара-Суудагы мечитти видеого беш жылдан бери тартып келатышат.  Беш жылдан бери ал мечитти бир гана “Азаттык” кайра-кайра тартып келатат. Съемкага эч кандай уруксат да алышкан эмес. 5 жылдан бери тартып келатканы аз келгенсип таңкы саат алты менен жетинин ортосунда келип алышып дрон учурушту.  Оператор короонун ичинде жүргөн жигиттин бетинен жакын тартайын деген экен шалаакылыгынан кулап, дрон жигиттин башына тийиптир. Ага ачууларган балдар дрон менен пультту оператордон тартып алышыптыр. Мындан улам журналисттер милицияга арыз жазышты", - деди Матраимов. 

 

Эске салсак аталган радионун журналисттеринен дрон менен видеокамераны 28-сентябрда белгисиз төрт жаран тартып алышкан. Журналисттер ал адамдарды Матраимовго караштуу деп айтып чыгышкан.