Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылганы маалым болду. Ал бул тууралуу маалымат каражаттарына билдирген. 

 

"Финполицияга сот өкүлчүлүгү Борборуна төлөмдөр боюнча чакырышты. Бирок мен ал жакта иштеген эмесмин, ал төлөдөр 2012-2015-жылдардыкы. Төлөмдөр Каржы министрлиги аркылуу өтчү, кыязы ушул үчүн чакырып жатат окшойт. Бирок мен эч нерсе айтып бере албасам керек", - деген Жээнбаева. 

 

 Айтымында бүгүн ал иш сапарына чыга турган болгондуктан сурактын күнүн жылдырууну суранган.