Өткөн апта соӊунда «Кыргызстан» парламенттик фракциясы Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын абалы менен жеринде таанышып, көчмө жыйын өткөрүп келишти. Иш-чарага фракция лидери Алмазбек Баатырбеков, депутаттар Кубанычбек Нурматов, Тынчтык Конушбаев, Алмазбек Токторов, Нурбек Алимбеков, Данияр Төлөнов, Айнура Алмазбек кызы, Жаныбек Исаев жана КР Өкмөтүнүн тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты.
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын башкы врачы Талант Курбаналиев 1976-жылы курулган оорукананын тиешелүү бөлүмдөрү жайгашкан имараттардын абалы менен тааныштырып чыкты. Өлкөнүн түштүк аймагындагы райондордун тургундарын тейлеген бул оорукананын чатыры четинен иштен чыга баштаган. Шиферлери, аларды кармаган устунчалары сынып, жаан жааганда жаӊы ремонттон өткөн бөлмөлөргө чейин суу түшүп, кайра оӊдоп-түзөө машакатын жаратууда. Ал эми дээрлик кырк жыл чамалаган оорукананын канализация тутуму чирип, улам жамап-жаскап келаткандыктан, көк жыттанган дубалдар бар. Ооруканадагы 5 лифттин төртөө иштебей турат.
Көчмө жыйында эл өкүлдөрүнүн көӊүлүн бурган дагы бир көйгөй түштүк аймактагы жападан жалгыз Гемотология борбору болду. Бул жайда донордук канга муктаждык көп экени айтылып, кан кетүүнү токтотууга (тромбомасса) керектелүүчү материалдардын жетишсиздиги белгиленди. Ошентсе дагы бул оорукананын Кардиология бөлүмү заманбап ангиографиялык аппарат менен жабдылып, жергиликтүү элдин саламаттыгына болгон коркунучтар алдын алынып жаткандыгы жакшы саамалык катары айтылды.
Фракция лидери А.Баатырбеков баштаган эл өкүлдөрү оорукананын тизмектелген көйгөйлөрүн өз көздөрү менен таанышып, анда иштеген дарыгерлердин өтүнүчтөрү менен сунуштарын дыкат угуп чыгышты. Ошол эле маалда оорукананын айрым маселелеринин чечилишин жергиликтүү башкаруу органдарына тапшырышты. Депутат А.Баатырбеков Гемотология борборунда кандын узак мөөнөткө сакталышы үчүн наркы өтө кымбат турган атайын муздаткычтарды алуу үчүн өзү күбө болгон эл аралык тажрыйбаларды ортого салып, аны чечүүнүн жолдорун сунуштады. Фракция депутаттары үч облус элинин саламаттыгына кам көргөн бул оорукана дарыгерлерин түйшөлткөн маселелдин чечилишин аткаруу бийлигине табыштап, көзөмөлдөп берүүгө убада кылышты.
Белгилей кетсек, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын абалы менен жеринде таанышып, ал-абалынан кабар алууну фракция депутаты Кубанычбек Нурматов демилгелеген. Ал эми иш-чараны өткөрүү NDI эл аралык уюму тарабынан колдоого алынды.