Орусиялык теле алыпбаруучу Андрей Малахов жергиликтүү басылмалардын бирине маек берди. Анда ал кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салган билдирүүсүн түшүндүргөнгө аракеттенген.
"Алыпбаруучунун жеке пикири демократиялык Кыргызстандын жашоочуларын ушунчалык нааразы кылат деп күтпөгөм", - деген Малахов колбаса королу Владимир Маруговдун уулу Александрдын табышмактуу өлүмүн иликтеген "Андрей Малахов. Прямой эфир" программасы бир сутканын ичинде 20 миңден ашуун пикирлерге толгонун белгилеген.
Ал Александрдын мотоцикли 22 жаштагы Исламбек Акбаров айдап бараткан такси менен кагылышканын айтып, ошол жерден программасында ондон ашуун улуттардын өкүлдөрү ынтымактуу иштээрине басым жасаган.
"Кылмышкерлер менен курмандыктардын улуту жок, алар мыйзам алдында бирдей болушу керек. Мен кыргыздарды сүйүктүү жазуучум Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана мектептеги окуу китептериндеги сүрөтчү Семен Чуйковдун иллюстрацияларынан тааныгам. Менимче менин журналисттик ишимдин натыйжасы болду - Татьяна Маругова биринчи жолу кырсыктын күнөөкөрүнөн болбосо да анын өкүлүнүн кечирим сураганын укту. Аны менен катар мен сөздөрүмдү айрым кыргыздар туура эмес түшүнүп алганына өкүндүм. Мен ар дайым акыйкаттуулук тараптамын", - деген Малахов.