Россиянын Тышкы иштер министрлиги теле алыпбаруучу Андрей Малаховго Кыргызстандын нааразычылыгына үн катты. Орус тышкы саясат мекемеси кырыз-орус мамилесине журналисттин билдирүүсүнүн тиешеси жоктугун белгилеген. 

 

"Андрей Малаховдун айткандары анын окуяга болгон журналисттик пикири, жеке көз карашы. Анын айткандары орус-кыргыз мамлекеттер аралык мамилеге тиешеси жок. Ага жооп кайтаруунун жолдорун Россиянын ММКлар тууралуу мыйзамынан издегиле", - деген орус ТИМи. 

 

Ошондой эле аталган мекеме Кыргызстан так ушул маселе үчүн Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлүн сүйлөшүүгө чакыргандыгын жокко чыгарды. Маалыматка караганда бул жолугушуу алдын ала пландалган, жолугушууда бир гана Малахов эмес, андан башка да эки элге тийиштүү маселелер талкууланган. 

 

Эске салсак "Россия 1" теле каналынан 24-сентябрда Андрей Малаховдун "Түз эфири" көрсөтүлгөн. Анда кыргызстандык Исламбек Акбаров айыптуу деп табылып, орус ишкеринин уулу каза тапкан жол кырсыгынын чоо-жайы териштирилген. Малахов кыргызстандыктын кымбат адвокаттуу болуп калганына таң калып, кыргыздар мындай адвокатка чама-чаркы жетмек эмес, жол кырсыгы атайылап жасалган деген пикирин билдирген.