Саясатчы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго кайрылды. 

 

"Улуу урматтуу Аликбек Жекшенкулов!

 

Сизге шовинист, провокатор жана деңгээли пас Малаховго жооп бериш кыйынбы?! Ал билдирүүсү менен бүткүл Кыргызстан элин шылдыңдады!

 

Жөнөкөй кырсыктан жалган, жарашпаган сенсация жаратты! Орус жана кыргыз эли биримдикте, аларды ажыратуу мүмкүн эмес, биз бир тууган элбиз!

 

Эгер сиз Кыргыз элин коргой албасаңыз, шылдыңдоого жооп бере албасаңыз, анда эмнеге сизди ал орунга дайынташты? Сиз мындай эмес элеңиз, же бийлик өзгөрттүбү? Ойгонуп, Малаховго жооп бериңиз, сиз Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого милдеттүүсүз!" - деди Ташиев. 

 

Жекшенкулов өз кезегинде саясатчыны эмоцияга алдырбоого чакырды. 

 

Эске салсак Исламбек Акбаров аттуу кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, андан россиялык олигархтын уулу каза тапкан. Малахов бул кырсыкка бир көрсөтүүсүн арнаган жана кыргыз мигранттарынын Россиядагы жашоосу тууралуу айткан.