Бул тууралууЖалал-Абад облустук милициясы кабарлады.

 

Анын маалыматына ылайык, Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайында аталган адамдар түшкөн автоунаа токтотулган. Машинени текшерүү учурунда кармалган адамдардын биринин сумкасынан 1 киллограмм нашаа табылган.

 

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Токтогул райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Маалыматтар боюнча АКШнын жарандары ыктыярчы катары Аксы районунда англис тилин үйрөтүп жүргөн.