Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда жолугушуу учурунда ТИМдин өкүлү орус теле алып баруучусу Андрей Малаховдун кыргыздардын дарегине туура эмес пикир билдиргенин белгиледи. Эске салсак Малахов Россиянын жараны Александр Маругов каза тапкан жол кырсыгынын катышуучусу Исламбек Акбаров тууралуу айткан.
Мындан улам КР ТИМ өкүлү Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштөр экенине карабай орусиялык мамлекеттик ММКнын журналисттеринин ушундай билдирүү менен чыкканына тынчсыздануусун белгиледи.