Москвадагы "Жуковский" абамайданынан Ош шаарын көздөй багыт алган учак Самара абамайданына шашылыш конду.

Бул тууралуу россиялык интернет сайттары жазышты.


Маалыматка караганда борттогу кичинекей бала өзүн начар сезгендиктен учак багытын өзгөртүүгө туура келген. 


Балага ОРВИ диагнозу коюлган. Андан кийин учак Ошко учуп кеткен.