КСДПнын компьютерлерин Аскер прокуратурасы УКМКга өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.
Маалыматка караганда прокурорлор партиянын офисинде жүргүзүлгөн тинтүүнү Биринчи май райондук сотунун токтомунун негизинде иштин кырдаалын аныктоочу предметтерди жана документтерди табуу максатында жүргүзүшкөнүн билдирген.
"Аскер прокуратурасы саясий партиянын документтеринин прокуратура жана ИИМдин тергөө кызматы иликтеп жаткан кылмыш ишине кандай катыштыгы барын түшүндүргөн жок", - деп билдиришти КСДПдан.