Ушу тапта Өкмөт айрым мамлекеттик оорукананы өзүн-өзү каражылоого усулуна өткөрүп жатат. Мындай жосунду токтотушу керек. Анын айынан көптөгөн элеттиктерди өмүрүнө коркунуч жаралууда. Анткени, Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы экендигине карабастан, Жалал-Абаддагы Жазы-Кечүү сындуу көп айылдарда таза суу дагы, интернет дагы, электр энергиясы дагы, жол дагы жок. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Өкмөт өрт өчүрүүчү катары иштебей, ырааттуу иш алпарууга тийиш. Мисалы, хирургия бөлүмдөрүн кантип өзүн-өзү каражылоого өткөрөбүз? Ага баардык өлкө аймагынан сыркоолор шашылыш алынып келинет. Ойлонуп көргүлөчү, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан адамдар кантип жана кайдан каражат төлөй алат? Дегеле, мамлекеттик ооркана менен жеке менчик оорукананын кандай айрыммасы бар? Анда мамлекеттин социалдык саясаты кайда калат? Айтор, ушу сындуу суроолор көп, азырынча жообу жок!», - деди депутат.