Депутат Ирина Карамушкина парламент жыйынын акыйкатчы Токон Мамытовду сындады. Айтымында акыйкатчы Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жабыркаган карапайым жарандарга жардам көрсөткөн эмес. 

 

"Ал ар кандай дежур жооптору менен эле кутулуп кетип жатат. Ал окуяда 2 миңдей жаран жабыркады. Мурдагы чекистти акыйкатчылыкка дайындабаш керек болчу", - деди ал. 

 

Ошондой эле депутат балдар акыйкатчысы деген болгону менен жасаган иши билинбей жатканын билдирди. Бул жылы эрезеге жете электерге 42 сексуалдык зомбулук катталганын жана 45 өспүрүм суицидке барганын белгилеген депутат бул иштерде балдар акыйкатчысынын карааны көрүнбөгөнүнө нааразыланды.