КР Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышевдин берген маалыматы боюнча бүгүнкү күндө аэропорттун имаратын оӊдоп-түзөө толугу менен жыйынтыкталып, тиешелүү аэронавигациялык жабдуулар алынган. Анын айтымында, «Кербен» аэропортуна Жарандык авиация агенттиги тарабынан тиешелүү сертификат берилген. «Аэропорттун инфратүзүмү учуп-конуу тилкесинен башкасы белгиленген эрежелерге ылайык келет. Тилкеден кеткен жаракалар мастика чайыры менен бүтөлүп герметизацияланышы керек. Биз бул эреже бузуулар четтетилиши керек деген шарт менен сертификат бергенбиз»,- дейт К.Акышев.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 1-мартындагы №2277-VI «Кербен» аэропортун ишке киргизүү тууралуу» токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулуп жатканда белгилүү болду. 

 

Депутат Алтынбек Жунус уулу обьектинин курулушун учуп-конуу тилкесиндеги ремонт иштеринен улам создуктурууга жол берилбеши керектигине токтолду.

 

«Бул «Манас» аэропортунун жетекчилигинин канааттандыралык эмес ишинин ачык мисалы. Ишке принципиалдуу мамиле кылуу менен тилкедеги ремонт иштерин бир апта ичинде бүтүрүп койсо болот. Элдин суроо-талабын ар дайым эсибизден чыгарбашыбыз зарыл. Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун, Таш-Көмүр шаарынын эли бул аэропорттун иштешин чыдамсыздык менен күтүп жатышат»,- дейт депутат. Ошондой эле А.Жунус уулу иш дагы да кечеӊдей турган болсо аэропорттун жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды.

 

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетининин төрайымынын орун басары Алмазбек Эргешов «Кербен» аэропортунун ишке кирбей турушу авиация тармагын өнүктүрүү саясатына жооптуу болгон Транспорт жана жол министрлигинин кайдыгер мамилесинен улам болуп жатканын айтты. «КР Премьер-министри өзү барып «Кербен» аэропотунун ачылышына катышкан. Бул тууралуу бир канча күн телеканалдарда жаӊылыктар берилген. Элде бул аэропрттон самолеттор учуп, каттам жүргүзүлүп жатат деген түшүнүк калган», -деди А.Эргешов.

 

Талкуудан кийин комитет мүчөлөрү берилген маалыматты эске алуу менен тиешелүү министрлик менен мекемелерге «Кербен» аэропортун колдонууга берүүнү ыкчамдатууну тапшырышты.