Ырчы Керим Турапов  Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовдон кечирим сурады. Эске салсак  буга дейре “Леди.kg” гезитине ырчы маек берген болчу. 

 

Бул айткандары Керим Турапов кайра артка алды. Ал эмоцияга берилип Жунусовго тил тийгизип алганын моюндады.

“Такталбаган маалыматтарга таянып Ибрагим Жунусовдун дарегине  ачуу сөздөрдү айтып алыптырмын. Ибрагимге “ак чөп башта” деп айтам. "Ачуу-душман, акыл-дос" дегендей эмоцияга алдырдым. Ибрагим Кожоназарович экөөбүз сый мамилени карманганбыз, мындан ары да ортобуздагы сый калат”, -деди  Турапов.