Бул тууралуу аймактык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык экперттердин ишинин корутундусу ачыкталбайт. Иш КР Кылмыш жаза кодексинин “Адам өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү” беренесине алмаштырылган, бирок эч кимге айып тагыла элек. Тергөө улантылып жатат. Кыздын энеси Россияга кетти, ал эч кимге доосу жоктугун айтып арыз жазган.
Эске салсак, Сузактагы эки жаштагы кыз Жалал-Абаддын ооруканасына денесиндеги көгала тактар, ар кандай жарааттар менен түшкөн. Ал эсине келбей жатып көз жумган. Кыздын энеси ошол учурда да Россияда болуп, таенеси менен чогуу жашаган. Таене кыздын башына урбаганын айтууда. Ал небересинин тепкичтен кулап башы менен тийгенин билдирген.
“Баланын укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун кызматкерлери координациялык топ түздү. Алар баланын өлүмүнө жеткирген тарап мыйзам чегинде жазасын алышына аракет кылышат.