Келерки көчмөндөр оюндары 2021-жылы Ош облусунда өткөрүлөт. Бул тууралуу 21-сентябрда Таласта өтүп жаткан көчмөндөр оюнунун жабылыш аземинде белгилүү болду.
Таластын губернатору Оштун губернаторуна оюнду өткөрүү кезегин тапшырды.
Эске салсак, бул жылдагы көчмөндөр оюну 16-сентябрдан 21-сентябрга чейин Таластагы ипподромдо өткөн. Ага жети облус жана эки шаардан келген өкүлдөр спорттун сегиз түрү боюнча күч сынашкан.