Москвада "Коломенское" метросунун жанындагы дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Белгилүү болгондой аял аны дараатканадан көз жарып, ошол эле жерге унитаздын жанына таштап койгон.
"Комсомольская правданын" жазганына караганда 19-сентябрда аялды төрөтканага алып келишкен. Ал ымыркайды дааратканага таштап койгонун дарыгерлерге айткан. Алар полицияга телефон чалышкан маалда метродо пол жууган аял ымыркайды таап алган. Аял Андропов проеспектисиндеги дааратканадан кандын тагын көрүп, ичине кирип ымыркайды унитаздан таап алганын айтып берген.
Ымыркай кыз бала, 36-38 жумалыкта төрөлгөн, учурда ооруканада.