«Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты — бүгүн да актуалдуу», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда, Талас облусундагы «Манас — Ордо» Кыргыз улуттук тарыхый-маданий комплексинде өткөн Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземинде.
Оюндардын алкагында спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган.
"Былтыр Ысык-Көлдүн боюнда өткөн Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык резонанс жаратты. Дүйнөлүк коомчулук көчмөндөр оюндарын кыргыз элинин жалпы адамзаттык цивилизацияга кошкон чоң салымы деп баалады. Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келерки жылы Түркияда өтөт. Биз боордош Туркиянын элине, урматтуу Режеп Тайып Эрдоган мырзага оюндарды ийгиликтүү өткөрүүнү каалайбыз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын келечеги кең. Ал ар кайсы өлкөлөрдө өткөнү жакшы көрүнүш.
Анын миссиясы — элдер менен маданияттарды жакындаштыруу, спорт аркылуу диалогду күчөтүү, толеранттуулукка жана гуманизмге чакыруу. Көчмөн оюндары — бүгүн дүйнөлүк руханий энчиге айланып олтурганы бизди кубандырат. Кыргыз жергесинен башталган көчмөн духу дүйнөлүк сапарын улантат. Биз муну менен сыймыктанабыз", - деди президент.