"Тилди күч менен, зордук менен жайылтып, өнүктүрүү — мүмкүн эмес. Тил — бул тирүү организм, анын өнүгүүсүнүн өз мыйзам ченемдери бар", - деди президент Жээнбеков бүгүн мамлекеттик тил күнүнө карата.

 

"Көп жылдан бери кыргыз тилинин абалы боюнча олуттуу изилдөө жүргүзүлө элек. Азыркы программанын кемчиликтерин, отуз жылдык тажрыбайбызды, турмуш чындыгын эске алып, акыл калчап, баарын салмактап, жаӊы программаны түзүү милдети турат. Жаңы программа кагаз түрүндө эле калбашы үчүн — тилди өнүктүрүүнүн анык механизми, чыныгы жол картасы болушу зарыл. Бул багыттагы иштерди азыртадан баштоо керек. Өкмөткө ушул өтүнүч менен кайрылам. Жогорку Кеңештен Тил саясатын аныктаган мыйзамдар тутумун терең талдап, тиешелүү мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өтүнөм, - деп белгиледи мамлекет башчы.

 

Ошондой эле президент  бардык билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин азыркы заманбап методика менен, жаңы техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу  окутууга өтүүнү тездетүү зарылдыгын айтты.

 

"Бала бакчадан баштап, мектепте, жогорку окуу жайында, жумуш ордунда кыргыз тилин үйрөнүүгө ыңгайлуу шарт түзүү абзел. Турмуш көрсөткөндөй, башка улуттагы жарандар, кыргыз тилин жеңил үйрөнгүдөй, ийкемдүү окуу методикасына муктаж. Жаштар үчүн кыргыз тилинде сүйлөө — аларга урмат-сый алып келгендей чөйрөнү түзүү зарыл. Бул жерде Билим берүү министрлиги чечкиндүү роль ойнойт, бирок, ал жалгыз баарын жасай албайт. Бул иштин маанисин мамлекет жетекчилеринен баштап, ар бир жаран, ар бир ата-эне жүрөгү менен сезип, ага чын дилинен катышканда гана  ийгилик болот. Муну Кыргызстандын ар бир атуулу колдойт деп ишенем", - деди Сооронбай Жээнбеков.