Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата сөз сүйлөп жатып жаш муундардын кыргыз тилине болгон кызыгуусу жоголуп баратканын белгиледи. Ал айыпты ата-энеге койду. 

 

"Кыргыз тилин өнүктүрүү — тилчилерден гана көз каранды эмес. Тилди сактап, жашоо турмушубузга кеңири жана терең киргизүү — баарыбыздын милдетибиз. Үй-бүлөдөн тартып, коомдук бардык институттардын милдети. Ачыгын айтканда, маселенин өзөгү — өзүбүздүн, кыргыздардын жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамилесинде. Шаардык ата-энелер — балдарыбыз менен кыргыз тилинде баарлашып, аны үй-бүлөнүн күнүмдүк нормасына айланткан жокпуз.

 

Балдарыбызга кыргыз адабиятын, кыргыз маданиятын, деги эле кыргыздын нарк-насилин сиңире албасак, аларга кантип кыргыздын тилин, рухун жеткиребиз? Бүгүн ар-бир ата-энеге кайрылам: эне тилибиздин алдындагы милдетибизди, ата-бабалардын элесинин алдындагы зор жоопкерчилигибизди сезели.

 

Үй-бүлөдө тил маданиятын кайра калыбына келтирели.  Ар бир үйдө жаштарыбыз, балдарыбыз мамлекеттик тилде сүйлөп, жазып, ой жүгүрткөндө гана тилибиз сакталат, өнүгөт, кийинки урпактарга жетет.

 

Ушул милдет ар дайым ар бир ата-эненин көңүлүнүн төрүндө болсун!", - деди президент.