Ширин Айматова Ютубдагы каналына видео жайгаштырды. Анда экс-депутат депутаттардын мыйзамдарды өткөрүү менен бизнесине да жол түзүп, кошумча ири суммадагы каражат да табышаарын билдирген.
Айтымында, 2015-жылдын 14-октябрында, парламенттик шайлоо өткөндөн туура он күндөн кийин депутаттар мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Ал - Кыргызстандагы буудай жана ун азыктары менен иштеген ишканаларга салыкты 2020-жылдын январь айына чейин жеңилдетүү мыйзамы. Аны КСДП, Өнүгүү-Прогресс жана Кыргызстан партиялары колдогон.
"Эмнеге колдошту? Анткени бул фракциялардын лидерлеринин бизнеси ун жана буудай менен байланышкан. Алар өлкөгө буудай азыктарын ташып келүүчү компаниялардын ачыкка чыкпаган кожоюндары", - деген Айтматова.
Ал Чыныбай Турсунбеков 2015-жылы КСДПны жетектегенин жана анын "Акун", "Бишкекункомбинаты" ишканалары бардыгын белгилеген.
Ал эми "Кыргызстан" партиясынын түптөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов Кыргызстанда ун жана ун азыктарын чыгаруучу кыргыз-казак биргелешкен "Казгрейн" ишканасына ээлик кылат.
Бакыт Төрөбаев болсо "Мариям" ун компаниясын шайлоого чейин жетектеп, андан соң жубайына өткөрүп берген.
Мына ушул ун азыктарынын кожоюндары депутат болуу менен ыңгайлуу мыйзамды кабыл алышып, бир жылда шайлоого кеткен чыгымдарын да жаап, андан тышкары 650 миллион сомдон иштеп алышканын да Айтматова белгилеген.