Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги отуруму бүгүн болот. Жыйынга  депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова кайрадан чакырылганы айтылды. Эске салсак буга чейин да аталган депутаттар жыйынга чакырылган, бирок келбей коюшкан.

 

Өткөнкү жыйында ИИМ орун басарлары Памирбек Асанов, Алмазбек Орозалиев катышкан. Ошондой эле президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коеналиев менен УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаев да келишкен. 

 

Бүгүнкү  жыйында Аскердик прокуратуранын маалыматы да угулат.