«Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек!», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземинде.

 

Мамлекет башчысынын сөзү:

 

«Эл үчүн жасаган эмгек эч качан жерде калбайт.

 

Элдин эсинде, урпактардын сезиминде, тарыхтын барактарында калат.

 

Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимовдун өмүрү, басып өткөн жолу, Мекенге арнаган эмгеги, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кошкон салымы ар бирибиздин жүрөгүбүздө сакталуу.

 

 Атактуу эки инсаныбыз тең өзгөчө урматтоого татыктуу.

 

Кырк жылга жакын эл башкарып, өлкөгө, элге кызмат кылуунун бийик үлгүсүн көрсөткөн Төрөбай Кулатовдун ысымы эл ичинде эчак легендага айланган.

 

Ал жөнөкөй шахтердон өлкө жетекчисине дейре жетип, кристалдай таза иштеп, жупуну, кеменгер жетекчинин үлгүсүн, элдик адамдын образын аң-сезимибизге терең орнотуп кетти.

 

Биз Төрөбай Кулатовдун ысмы менен кыргыз мамлекетинин тарыхын да, өнүгүүсүн да бекем байланышта карайбыз

 

Таланттуу мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун өмүр баяны, эмгек жолу баарыбызга кеңири маалым. Султан Ибраимович чыныгы элдик инсан болгон", - деди президент.