КСДП партиясынын экинчи бөлүгүнүн төрагасы Сагынбек Абдрахманов партиянын мөөрү жана документтерине ээлик кылууну соттон утуп алган. Бирок буга макул болбогон партиянын Атамбаев тараптагы бөлүгү Жогорку сотко кайрылган. 

Абдрахманов Жогорку соттон да утуп чыгаарына ишенет. 

"Биз бул процессти да утабыз. Анткени чындык биз тарапта. "Медиа Форумда" жайгашкан партиянын офисинен тинтүү учурунда каттоо документин да, мөөрдү да табышпаптыр. Бул башка маселе. Документтердин кайда экени белгисиз", - дейт экинчи төрага. 

Айтымында КСДПнын чыныгы жетекчиси ал жана партияга карата бардык укук ага берилген. 

12-сентябрда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан партиянын "Медиа Форумдагы" офиси тинтүүгө алынган.