Чүй облустук ИИБинин кызматкерлери Россиянын жарандарын тоногон адамдарды кармашты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жарандар Ысык-Ата ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алар 41 жаштагы К.К. жана 47 жаштагы С. А. болуп чыккан. Жарандар УКМКнын кызматкерлери эместиги аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.
Эске салсак Россиянын жарандары милицияга кайрылып, азият түпөлүндөгү эки киши Бишкек-Торугат жолунда токтотушуп, өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырышып, 10 миң рублин уурдап алышканын айтышкан.