Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңеште “Жетим жана ата-энесинин камкоордугусуз чоңоюп жаткан балдарды ар ай сайын социалдык жөлөк пул менен камсыздоо: учурдагы абал жана мүмкүнчүлүктөр” аталышындагы тегерек үстөл өттү. Отурумга Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү Өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү катышты.
Анда балдар үйүндө тарбияланып жаткандардын социалдык муктаждыгы жана алардын келечегине керектүү камкордук маселелери талкууга алынып, атайын жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы катышуучуларга көрсөтүлдү.
Тагыраагы, Чүй, Ысык-Көл жана Ош шаарында жайгашкан 14 балдар үйүндө жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында, аларда тарбияланып жаткан 660 баланын 94ү гана жөлөк пул алары белгилүү болду. Ал эми калган 491 бала документ чогултуудагы бюрократиялык тоскоолдуктардан жана башка кайдыгерлик жагдайлардан улам социалдык жөлөк пул ала албай келет.
Тегерек үстөлдүн төрайымы, депутат Наталья Никитенко бул маселе өтө маанилүү экенин белгилеп, тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгуу зарылчылыгын кошумчалады. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева социалдык жөлөк пул маселесине байланышкан мыйзамдардын аткарылышы андагы документтердин көптүгүнө жана жарандардын бул мүмкүнчүлүктөр менен толук тааныш эместигинен улам кечеңдеп жатканын белгиледи.
Ошондой эле депутат Айнуру Алтыбаева балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн жөлөк пул маселесин чечүү үчүн, балдар үйлөрүн атайын базага киргизүү менен андагы тарбияланып жаткан балдар тууралуу маалыматты бирдиктүү түзүмгө салуу жагын караштыруу керектигин билдирди.