Жогорку Кеңешинин спикери Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен төраганын орун басары Мирлан Бакиров баштаган депутаттар тобу Баткен облусунун Лейлек районуна барып келди. Аталган топко төраганын орун басары Аида Касымалиева, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Талант Мамытов жана Таабалды Тиллаев кирген. Эл өкүлдөрү Максат айылынын тургундары менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, жергиликтүү ооруканада дарыланып жаткандардын абалы менен таанышты. Ошондой эле окуяда каза болгон “Бөрү” атайын адистештирилген отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун жакындарынан кабар алышты.

Депутат  Төрөбай Зулпукаровдун айтымында   абал акырындык менен  турукташа баштады. 

“Жергиликтүү эл менен жолугушканыбызда Тажикстан чек арачылары биринчи ок чыгарганын айтышты. Алар Максат айылындагы мектепке карай ок атышкан. Ошондой эле тургундар тажик тарап мурдатан эле даярданып, чек арага жакын атайын техникаларды алып келип баштаганын билдиришүүдө”, – деди.

Буга кошумча депутат окуяда жабыр тарткандарга жана каза болгон Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө Жогорку Кеңештин атынан материалдык жардам көрсөтүлгөнүн маалымдады.    Депутаттар маркумдун үй-бүлөсүнө бир күндүк эмгек акыларын которушканы белгилүү болду.