“Эл аралык тажрыйбага ылайык талаштуу, такталбаган мамлекеттик чек ара тилкелери өзгөчө макамга ээ. Андай тилкелерге социалдык жана башка мекемелердин курулушун жүргүзүүгө болбойт. Ал эми Тажикстан курулуш баштоо менен эл аралык тажрыйбаларды бузду”, – деди төраганын орун басары Мирлан Бакиров.

 

Тиешелүү мыйзамдарды жана мурда кабыл алынган Жогорку Кеңештин айрым токтомдорун аткаруу маселесин көтөрүп чыгууну көздөп жатканын айткан Мирлан Бакиров: “Башкысы мамлекеттик чек аралардын делимитация жана демаркация маселелерин чечүүнү тездетүү зарыл”,– деди. Муну менен катар бардык бийлик органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруусу керектигин кошумчалады.

 

Мындан тышкары, төраганын орун басары Мирлан Бакировдун айтымында, депутаттар тобу аталган чек ара маселесин парламент жыйынына да алып чыгууну мерчемдөөдө.   

 

“Бул чек арадагы талаштуу жагдай бүгүнкү же кечеги күндүн гана көйгөйү эмес. Абал өтө курч экенин эске алуу менен маселелени сүйлөшүү жолу аркылуу чечүү керек”, – деп билдирди Мирлан Бакиров.