Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге жүргүзүлгөн 10 күндүк рейдде 11 миң 670 унаа токтотулган.
Рейддин жыйынтыгында мыйзам бузгандарга карата административдик айып салуу менен тийиштүү актылар түзүлдү, 750 айдоочу жеринде (банк, терминал, мобилдик банкинг аркылуу) салыктарын төлөшсө, 3 миң 355ине салык төлөө фактысын ырастаган атайын чаптама берилди.
Эске салсак 3-сентябрдан тартып Мамлекеттик салык кызматы ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.
Мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө) административдик айыпты, ага кошумча ар бир өткөн күнгө туум төлөйт.