Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына келбей калганын спикер  Дастан Жумабеков билдирди.

Айтымында, Абылгазиев менен байланышкан  жана  чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыктан  17-сентябрдагы жыйынга келип кетүүсүн суранган. Бирок өкмөт башчы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана тиешелүү органдардын жетекчилери коңшу мамлекеттин өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, жолугушуулар болуп жатканын белгилеп, үйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан кийин толук маалыматты эртең, 19-сентябрдагы жыйында берээрин айткан. 

Депутаттар буга макул болушту.