Алты адам УКМКнын кызматкерлери тарабынан кыйноого туш болгонун айтышкан. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.
Бүгүн, 18-сентябрда Жолгорку Кеӊештин жыйынында 2018-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ар жылдык баяндамасы угулду.
Нурдин Сулаймановдун айтымында, 2018-жылы Улуттук борборго 238 кабарлоо (анын 43% кыйноолорго жана ырайымсыз мамиле жасоолорго даттануулар) келип түшкөн, алардын ичинен:
-кыйноолорду колдонуу жөнүндө – 123;
-ырайымсыз мамиле жасоолор жөнүндө – 52;
-кармоо шарттарына даттануулар- 24;
-башка даттануулар – 39.
Өткөн жылдардагыдай эле, 2018-жылы кыйноолор жөнүндө даттануулар менен жазуу жүзүндө келип түшкөн арыздардын абсолюттук көп бөлүгү (91,9%) ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан колдонулган кыйноолор. УКМКнын кызматкерлери колдонгон кыйноолор жөнүндө 6 кабарлоо бар. Прокуратура органдары тарабынан кыйноолорду колдонуу жөнүндө түшкөн 123 арызды кароонун жыйынтыктары боюнча 82 арыз боюнча жазык ишин козгоодон баш тартылган (67%).
Кыйноолор жөнүндөгү 123 арыздын алтоосу “Кыйноо” беренеси боюнча жазык иши, 2018-жылы – 5 жазык иши жана 2019-жылдын январында 1 жазык иши козголгон. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий маалыматтары боюнча 2018-жылы прокуратура органдары тарабынан кыйноолор жөнүндө 131 арыз катталган, 5 арыз боюнча жазык иши козголуп УКМКнын тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.