Мурдагы президент Атамбаев бүгүн 63 жашка чыкты. Ал учурда УКМКнын абагында отурат. Сот 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. 

КСДП партиясы анын туулган күнүн концерт менен тосууну пландаган. Бирок бүгүн концерт болбой турганы белгилүү болду. 

 "Чын дилибизден туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Акыркы убакта сизге багытталган жалган жалаа жана ушактарга карабай сиз биз үчүн үлгү алчу адамсыз жана саясатчысыз. "Абийир өмүрдөн бийик" - дечүсүз. Биз үчүн ушул сөз моралдык ориентир болуп калат. Кыргызстан үчүн көп нерсе жасадыңыз, убакыттын өтүшү үчүн ал салымыңыз эл эсинде татыктуу баасын алат", - деген куттуктоодо ксдпчылар.