Фото журналист Влад Ушаков соцтармактагы баракчасына эки сүрөт жүктөдү. Экөө тең Чаткал районундагы бир жер, айырмасы он жыл. Фотожурналисттин айтымына караганда сүрөт Абдыжапар Нурдинов тарабынан тартылган.
"Он жыл ичинде экологияга кандай өзгөрүптүр?" - деп суроо салган фотожурналист.
Белгилей кетсек, Чаткал районунда учурда жыйырмадан ашуун кытай компаниялары алтын чыгаруу менен алектенишет.
