Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев билдиргендей Бишкек ЖЭБи боюнча ачылган кылмыш ишинин негизиндеги соттук отурумду токтотуу өтүнүчүн келтирди. Анткени Сапар Исаковдун акыбалы жакшырган жок. 

 

"Процесске катышууга акыбалы жол бербейт, ошондуктан тийиштүү дарылануудан өткөнгө чейин бир жума токтото туруу керек", - деди адвокат. 

Сапар Исаков  моюн-омуртканын дарты менен жабыркап жатканы айтылган. Ал бир нече күн ооруканада болгон, андан кийин кайра абакка которулган. Адвокаты Исаковдун акыбалы жакшыра электе абакка которушканын айткан. 

Ошондой эле абактагы мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин да акыбалы начарлар, омуртканын грыжа дартына чалдыкканы айтылып келатат.