Депутаттар Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранованы ИИМдин тергөө кызматы кайрадан суракка чакырды. Бул тууралуу КСДПнын катчылыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, суракка Кундуз Жолдубаева, Назгүл Мамытова жана Роза Турксевер да чакырылган. Роза Турксеверди криминалдык милициянын кызматкерлери алып кетишти. Партия бул аракеттерди эртеңкиге белгиленген Атамбаевдин туулган күнүнүн урматына өткөрүлчү тынчтык митингине байланыштырышууда.